Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЫЙЗАМДЫК АКТ – мамлекеттик бийлик органынын мыйзамдан төмөнүрөөк юридикалык күчкө ээ болгон укуктук акты. М. а. мыйзамдардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн кабыл алынат. КРде республикалык дэңгээлдеги М. а-ларына КР Президентинин жарлыктары жана буйруктары, КР Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары, КРУБдун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин бөлөк органдарынын актылары, ошондой эле сот чечимдери кирет.